Ош шаарында унаа жуучу жайда иштеген 16 жаштагы окуучу каза болду. Окуя 10-ноябрда орун алганын Шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
"10-ноябрда саат 03:30 чамасында ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө "Тез жардам" кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда Жапалак унаа базарындагы унаа жуучу жайдан жансыз дене табылганы маалымдалган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун аты-жөнү такталган. Ал Ноокат районунун Кеңеш айылынын 2003-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну болгон. Маркум 11-класста окуп жаткан. Каза болгон баланын ата-энеси уулу биринчи чейрек аяктап, каникул башталганда акча таап келүү үчүн Ош шаарына кеткенин айтышкан.
Маркумдун ата-энеси соттук-медициналык экспертиза жасатуудан баш тартышты. Бул окуя боюнча тергөө иштери улантылып жатат", - деди басма сөз кызматынан.