Бишкек-Торугарт автожолунда 13-августта түнкү саат 02:00 чамасында казак жараны катышкан жол кырсыгы болуп бир адам каза болгон. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти. Маалыматка ылайык, Алматы шаарынын 1985-жылы туулган жараны Тойота үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон өтүп бара жаткан адамды кеч көрүп калып сүзүп кеткен. Сүзүлгөн адам кырсык болгон жерде каза болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.