Эки кыргыз спортчусу жаштар арасында өткөн жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңишти. Мелдеш БАЭнин Абу-Даби шаарында өткөн.
23 жашка чейин спортчулар арасында 56 килограмм салмак ченинде Шабданбек Абдыбеков жана 62 килограмм салмак категориясында Махди Гиесов 3-орунду алып, коло медаль тагынышты.