Кеминде зордуктоого каршылык көрсөткөн окуучу кыз сабалып өлтүрүлгөн. Бул иш боюнча бүгүн биринчи соттук процесс болот

Кеминде 14 жаштагы кыздын жансыз денеси ээн калган имараттан табылган. Көп өтпөй, кызды 20 жаштагы жаран зордуктоо максатында күч менен ээн калган имаратка алып барып, каршылык көрсөткөндө сабап өлтүрүп салганы аныкталган. Бул факты боюнча бүгүн, 19-ноябрда биринчи соттук процесс Кемин райондук сотунда болот. Бул тууралуу маркум кыздын жакындары SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 12:00гө белгиленген.

Бул кылмышка шектүү катары милиция 20 жаштагы эркек адамды кармаган. Ал мурда да бир нече жолу соттолгон Кашкелең айылынын тургуну К.А. болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан