"Кайсы эле эне балдарын унаага салып алып, башка унаанын астынан чыксын?!" Бишкекте "Тез жардам" менен жеңил унаа сүзүшкөн кырсыктын чоо-жайы

Ушул жылдын 4-ноябрь күнү Бишкектин Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде "Тез жардам" кызматынын унаасы менен жеңил унаа сүзүшкөн жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 9 жаштагы өспүрүм жабыркап, ал он күн комада жатып, 14-ноябрда каза болгон.

Окуя болгон күнү жеңил унааны Анара Маденова башкарып бара жаткан. Анын унаасы "Аалам мед" жоопкерчилиги чектелген коомуна караштуу "Тез жардам" кызматынын унаасы менен сүзүшкөн. Жеңил унаанын ичинде эки баласы бар болгон. Ал SUPER.KG порталына байланышып, окуяны айтып берди.

"Кечки саат 18:00 болчу. Жамгыр жаап жаткандыктан, унаамдын терезесин улам сүртүп айдап бара жаткам. Мен Москва көчөсүнөн Турусбековго кайрылып, акырын айдап бараттым. Себеби ал жерде жөө адамдар өтүүчү өтмөк, бала бакча жана мектеп бар. Бир кезде бир унаа келип сүздү. Кырсык кандай болуп кеткенин билбей калдым. Көзүмдү ачсам машина түтөп жатат. Эки баламды карасам, бирөө отурат, бирөө эс учун жоготуп коюптур. Нес болуп туруп калдым. Эмне кыларымды да билген жокмун. Көрсө, биз "Тез жардам" кызматынын унаасы менен сүзүшүптүрбүз. Аларга барып эле "Ушунча да катуу айдайсыңарбы?", "Эмнеге сигналыңар иштеген жок?" деп айттым. Эгер "Тез жардам" унаасы алыстан мигалкасын, сиренасын күйгүзүп келе жатса, кайсы эле айдоочу ага жол бошотпой койсун. Же кайсы эле эне балдарын унаага салып алып, алардын астынан чыга калсын?! Мен дагы бир жолу кайталайм, алардын мигалкасы жана сиренасы иштеген эмес.

Ооруканада жаткан улуу баламдан он күн үмүтүмдү үзгөн жокмун. Балаңдын оор абалда жатканын көрүп туруу энеге абдан кыйын экен. Төрт жарым жаштагы кичүү балам эртеси апама "мен "Тез жардам" унаасын көргөн жокмун" деп айтыптыр. Балам кичине болсо дагы "Тез жардамды" алыстан үнүнөн эле тааныйт. Мен азыр баламдан айрылдым, эми мен чындыкты билгим келет. Менде деле күнөө бардыр, бирок мен "Тез жардам" кызматынын алдына чыга калган жокмун да", - деди Маденова.

Анара Маденованын оюн андан ары жолдошу Кубан Дүйшенбеков толуктады.

"Тергөөчүгө барып, видеону көрдүк. Анда "Аалам мед" ЖЧКсынын "Тез жардам" кызматтык унаасы катуу ылдамдыкта келиптир. Бул менчик мекеменин унаасы бир апта мурун дагы кырсыкка кабылган экен. Аны биз ооруканада жүргөндө билдик. Кырсык болгондон кийин арыз жазууну, ары-бери чуркап ызы-чуу кылуу ойго да келген эмес. Себеби балам комада өлүм менен күрөшүп жатты, ал эми биз болсо, андан үмүт үзбөй жанында күнү-түнү жүрдүк. Балам каза болуп калгандан кийин акыйкаттыкты билүү үчүн минтип чуркап баштадык. Азыр бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми "Аалам мед" ЖЧКсы учурда биздин арызыбызды күтүп эле тургандай. Биз жазсак, алар дагы арыз жазчудай. Себеби алар кырсыктан бери тийиштүү документтерин жасатып, чогултуп койгондой. Алар бизди күнөөлүү кылгысы келип турганын билип турам.

"Тез жардамдын" айдоочусу ооруканада экен. Кырсыктан жабыркаган менин деле аялым ооруканага жатып алса болмок. Бирок биз келинчегим менен 4 жарым жашар баламды ооруканадан алыс эле бололу деп жаткырбай жатсак, тигил тараптын жатып алганы абдан өкүнүчтүү. Мына эми баламды дарыгерлерге көргөзөйүн деп жатам, жубайым да эми ооруп баштаганын сезүүдө. Ошондой эле "Аалам мед" ЖЧКсынын жетекчиси биз тарапты айдоочусун сабады деп айтып жатыптыр. Мен кырсык болору менен ошол жерге баргам. Барсам эле жерде балам эс учун билбей жатат. Ачуум менен барып айдоочуну чала бир чаап калгам. Башка колум тийген эмес. Себеби жанымдагылар арачага түшүп, экөөбүздү эки жакка алып кетишкен. Айдоочу бул кырсык үчүн мыйзам чегинде жооп бериши керек. Мен акыйкат издейм, бул боюнча аягына чейин күрөшөм", - деди ал.

"Аалам мед" ЖЧКсынын "Тез жардам" кызматынын унаасы катышкан кырсык Бишкекте 27-октябрда дагы катталган. Аны бизге кырсыкка кабылган жарандардын жакыны Гуля Бейшеналиева тастыктап, буларды айтып берди.

"Жездем менен эжем Тойота Камри унаасы менен 27-октябрда Фрунзе жана Тыныстанов көчөсүндө жол кырсыгына кабылышкан. Эжемдин айтымында, аларды "Тез жардам" унаасы катуу ылдамдыкта келип унааны капталынан сүзгөн. Туугандарымдын колу, буту сынып, азыр деле өзүнө келише элек.

Мен алардын башы аман калганына сүйүнүп, ооруканада жүрдүм. Туугандарым катышкан жол кырсыкта унаа башкаргандар 4-ноябрда болгон кырсыкта дагы ошол эле адамдар болгон. Мен аны каза болуп калган баланын ата-энеси менен сүйлөшүп, алардын видеолорунан көрүп, таанып калдым. Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Мен дагы акыйкат чечим талап кылам", - деди ал.

Биз экинчи тарап болгон "Аалам мед" ЖЧКсынын "Тез жардам" кызматынын дарегине бардык. Иш үстүндө жетекчи жок болгондуктан, кызматкерлери бизди жетекчи делинген айым менен байланыштырды. Ал бизге дарегин айтып, айтылган жерге бардык. "Аалам меддин" директорумун" деген аял окуя боюнча буларды билдирди.

"Окуя катталган. Азыр тергөө жүрүп, кайсы тарап жабырлануучу экендиги, күнөө кимден кеткендиги аныкталууда. Ошондуктан эки тарапты тең тергөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин кырсыктын катышуучулары деген туура.

Бала жабыркап, каза болуп калды, айта турган сөзүбүз көп болгонуна карабай, үн катпай жатабыз. Аны аман алып калалы деп бардык аракетибизди жасадык. Бирок кырсык экен, кырсыкты эч ким тилеген эмес. Азыр баланын жакындары далили жок эле журналисттерге кайрылып жүрүшөт. "Баланын коопсуздугун ойлошсо, эмне үчүн балага ремень тагылган эмес? Эмне үчүн унаада бала атайын креслого отургузулган эмес? Бардык эрежелер сакталганбы?" деген сыяктуу суроолор да бул кырсыктан улам калкып чыгып жатат.

Биз өзүбүзгө тиешелүү керектүү деп талап кылынган документтерди Патрулдук милицияга өткөрүп бердик. Кырсык болгондон кийин "Тез жардамдын" айдоочусу сабалган. Ал учурда оор абалда бейтапканада жатат. Башка эч кандай комментарий бере албайм", -
деди ал.

Ал эми 27-октябрда катталган кырсык боюнча ал окуядагы кырдаал таптакыр башка экенин жана анын чечилгенин айтып берди. "Кырсык деген ар кандай болот. Бир кырсыкка бир айдоочу жооп бербейт", - деди "Аалам мед" ЖЧКсынын башчысы.

Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы бул факты Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдирди.

"4-ноябрда жол кырсыгы катталган. Анда 1992-жылы туулган К.Р. аттуу Бишкек шаарынын тургуну Мерседес-Бенц унаасы менен Москва көчөсүнөн батышты көздөй бара жаткан. Ал эми Субару унаасы Москва көчөсүнөн батышка карай бара жатып, Турусбековго бурулуп жатканда жол кырсыгы болгон. Анда 4 адам, анын ичинде 2 бала ооруканага жеткирилген. Териштирүүнүн жыйынтыгында Мерседец-Бенц унаасы кызматтык унаа болгону, тактап айтканда, "Аалам Мед" медициналык мекемесине катталганы аныкталган. Учурда бардык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деди басма сөз кызматкери.

“Тез жардамдын” унаасы катышкан жол кырсыгынын чоо-жайы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
katerina.li
2019-11-20 14:40:52
Кудай сактасын. Кырсык деп эле олтуро сузуп кете берген деле туура эмес. Жаратылыш кырсыгы болсо да бир жон ,эми айла жок дегендей. Баары адамдардын колунда болупаткандан кийин,жайыраак айдашса болмок элдер. Жаткан жери жайлуу болсун. Кун сайын эле авариядан кырылып атканы кейитет жанды
+1
Sabish
2019-11-20 20:23:21
Эми ошол балдар ремень тагынган эмес деп куноо ну олгон тарапка оодарып коеюн деп жатышкан тура, наалат эле болот ошо частный скорый дын башчы сына. Лошара
+6
amirrus
2019-11-20 21:01:52
тез жардам унаасы куноолуу ,мигалка сиренасы алыстан эле корунот да,жакбай келип эле сузуп кетсе туура эмес да тез жардамдыкы
+3
aiba.8327
2019-11-21 07:07:49
Аялдарга унаа айдаганга тыйуу салыш керек
-8
buudai
2019-11-21 16:07:57
aiba.8327,
кырсык эркек, аял деп болбойт
эртен эле сенин башына келип калышы мумкун!!!!
Анча мынча эркектен кыйын айдаган аялдар толтура!!!
Аялдарга тыйуу салса Кыргызстанда коп уй булоолордун иши токтоп калат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан