"Жубайыма туулган күнүмө байпак же жуунчу каражат берсең деле ыраазы болом дегем" дейт 31 жашка толгон ырчы Омар

Эстрада ырчысы, бир нече эл аралык музыкалык сынактардын катышуучусу жана жеңүүчүсү Омар 31 жашка чыкты. Ырчыны куттуктап байланышканыбызда туулган күнүн ата-энесинин, бир тууганынын жана жубайынын, кызынын курчоосунда белгилей турганын айтат.

"Былтыр туулган күнүмдү досторум менен белгилегенден кийин ата-энем көмүскөдө калып калгандай сезилген. Ошондо кийинки туулган күнүмдө бир гана ата-энем, үй-бүлөм менен чогуу болоюн деп ниет кылгам. 19-ноябрга караган түнү ата-энем, жубайым, жакындарым куттукташты. Келинчегим былтыр iPhone XS Max телефонун белек кылган. "Өзүң бала менен үйдө отурасың, мага кымбат баалуу белек бербей эле кой. Байпак же шампунь берсең деле ыраазы болом", - деп айткам. Бул жолу мага жаккан спорттук бут кийимди АКШдан буюртма менен алдырыптыр. Ошондой эле дайыма колдонуучу жуунчу каражаттарды тартуулады.

Бүгүн бир жерге барып ырдап келем. Андан кийин үй-бүлөбүз менен Панфилов паркына барабыз. Кечинде атам экөөбүз футболго барып, Ак шумкарларды колдоп келебиз. Футбол аяктагандан кийин туулган күнүмдү улантабыз. Тагыраагы, үйгө бир тууган эжем менен жездем, жээндерим келишет", - дейт ал.

Ырчы 1988-жылдын 19-ноябрь күнү Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 1995-жылы мектепке барып, ал эми 2007-жылы Бишкектеги Финансы техникумун, 2012-жылы КМУнун юридика факультетин бүткөн. Техникумда маданий иш-чараларга катышып жүрүп, “2006-жылдын алтын үнү” грамотасы менен сыйланган.

Алгачкы жолу чоң сахнага Омар аттуу ысым менен 2008-жылы Мирбек Атабековдун концертинде чыгып, кыргыз эстрадасында өзүнүн чыгармачылык сапарын баштаган. Репертуарында кыргыз, орус, англис тилдериндеги ырлары бар.

Омар Юрмалада өткөн "Жаңы толкун" сынагында Алла Пугачёванын сыйлыгына татыган, "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси болгон.
2017-жылы Казакстандын Алматы шаарында болуп өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагында ырчы биринчи орунду алган.
Ырчы сүйүктүүсү Диана айым менен 2017-жылдын 25-ноябрында баш кошуп, 2-декабрда үйлөнүү үлпөт тоюн өткөргөн.
Түгөйлөр 2019-жылы 13-февралда кыздуу болушуп, Арууке деген ысым ыйгарган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba_00
2019-11-19 15:24:12
Уй булоон мн аман бол айланайын.
+6
-adam
2019-11-24 02:32:58
Мен сыйлаган ырчы.Ийгилик!
Бактылуу болунуз!оор басырыктуу экениниз учун ото сыйлаймын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан