Токмоктогу жол кырсыгынан бир адам жеңил жаракат алды

Бүгүн, 19-ноябрда Токмокто жол кырсыгы катталганын окурман кабарлаган. Кырсыктын кесепетинен бир айдоочу жеңил жаракат алганын Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматынан кабарлады.

"Жол кырсыгы Токмок-Кошой унаа жолунда катталган. Анда Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаа түндүктөн түштүктү көздөй бара жатканда бурулуштан Мазда 323 унаасы менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен Мазда 323 унаасынын айдоочусу жаракат алып, амбулатордук жардам алды", - деди маалымат кызматынан.

Токмокто жол тандабас менен жеңил унаа сүзүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан