"Салам, Нью-Йорк" тасмасы аркылуу таанылган актёр Бектемир Мамаюсупов акыркы кезде тасма айдыңында продюсер катары ийгиликтүү иш алып барып келет. Бектемир режиссёр Медер Жалилов менен жаңы тасманын үстүндө иштеп жатканы тууралуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Сентябрдын аягында "Мекен" деген патриоттук толук метраждуу тасманы тартып баштаганбыз. Ага актёр катары тартылып, продюсерлик да кылып жатам. Тасмада Кыргыз өлкөсүнүн экологиясынын бузулуусу, акыр-чикирлердин көптүгү сыяктуу көйгөйлөрдү чагылдырдык. Фильм өлкөбүздүн кооз жерлеринин бири - Григорьев капчыгайында тартылды. Тасманы көрүп, элдин патриоттук сезими ойгонсо дейбиз. Өлкөнү туризм жолу менен кризистен чыгарса болот. Туризм өнүксө, мекендештерибиз да чет жактарга жакындарын таштап иштеп кетмек эмес. Биздин максат эптеп акча табуу эмес, тасманы чет өлкөгө сатыкка чыгаралы деп жатабыз. Фильм аркылуу дүйнө кыргыз киносу тууралуу билсе дейбиз.
Буга чейинки "Шайлоо" кыска метраждуу тасмабыз 3 айдын ичинде 7 эл аралык кинофестивалдан байге алды. Бул биз үчүн чоң сыймык. Буюрса, патриоттук тасмабыз да ийгиликтүү болот деп үмүт кылабыз", - дейт Бектемир.