Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков ырчы Каныкей менен дуэт жаздырды. Бул тууралуу ырчы мырза SUPER.KG порталына билдирди.
"Буга чейин карындашым Каныкей "Сагынам" деген ырыңызды жакшы көрөм деп айтып калчу. Күйөрмандарым да Каныкей менен дуэт жаздырыңызчы деп сурана беришет. Андыктан алардын да оюн эске алдык. Чогуу ыр жаздыруу идеямды айтып, бир күнү Каныкейге чалдым. Экөөбүз кеңешип, "Сагынам" деген ырымды жаңылап, дуэт кылып аткармакчы болдук. Учурда ырга клип тарттырып жатабыз. Буюрса, ыр менен дуэтти чогуу чыгарабыз. Күйөрмандар аталган ырды эми жаңы, заманбап форматта уга алышат", - дейт Гүлжигит Сатыбеков.