Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында, Кыргыз курама командасы Тажикстан менен беттешет.
Аталган оюнду Катар өлкөсүнөн келген калыстар тейлейт. Башкы калыс Абдулрахман Ал-Жассим болот. Ага Ал-Марри Талеб Салем жана Алмалик Сауд Ахмад капталда жардамдашат. Резервдеги калыс индиялык Тежас Нагвенкар болот.
Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.