"18-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылындагы Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин окуучу кыздары мушташты" деген билдирүүнү "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман жөнөттү. Окурмандын айтымында, окуучу кыздар сай жээке топтошуп алып мушташышкан.
"Кыздар оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүштү. Мектеп директору, айыл өкмөт башчы кайсы жакты карап отурат", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.