Мирбек Атабеков Нурак Абдрахмановдун "Аппак сүйүү" ырын кавер аткарды. "Ыр элге жагат деп күткөн эмесмин" дейт ал.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков күү атасы Нурак Абдрахмановдун "Аппак сүйүү" аттуу ырын кавер аткарды. Ырчы мырзанын аткаруусундагы вариант бат эле угуучуларын таап, алкоого алынды. Ырды кандайча аткарып калгандыгы тууралуу Мирбек SUPER.KG порталына айтып берди.

"Бул ырды мурун жаздырып, телефонума сактап койгон элем. Учурда АКШда жүрүп, ырды угуп отуруп iMovie программасына сүрөтүмдү коюп монтаж кылып жүктөгөм. Комуздун аткаруусунда ырым элге жагып калат деп күткөн эмесмин. Абдан көп жакшы пикирлерди уктум. Мындан ары да эски ыр болобу, жаңыбы, кавер аткарып чыгарып турайын деп ойлоп жатам. Себеби комуздун үнүн жактырып, комуздун коштоосунда ырларды уккусу келгендер көп экен.

Мен Нурак Абдрахмановдун күйөрманы болом. Агай каза болоруна жарым жыл калганда үйүнө комуз үйрөнгөнү барып жүргөм. Комуз менен ырдап берсем, "үнүң жакшы турбайбы. Сен комуз менен ырдашың керек экен. Каяктагы батыштын ууланган музыкаларын туурап ырдагандан көрө, өзүбүздүн ырларды аткарганың жакшы" деп жакшы комплименттерди айткан. Ал кезде Юля Руцкая "Аппак сүйүүнү" аткарып, катуу чыгып жаткан мезгили эле. Андан кийин агайдын көзү өтүп кетти. Ошону менен агайга бара албай калдым. Менин жашоомо таасир эткен 2-3 адам бар. Алардын бири - Нурак агай болчу", - деп эскерет Мирбек.

Мирбек Атабеков "Аппак сүйүүнү" ырдап чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bond02
2019-11-20 12:14:50
Действительно жакшы ырдаптыр. Талантына таазим.
+8
Mintip-menu-suybo
2019-11-20 12:32:38
Жаккан жок... Чал ырдап жаткандай болуп калыптыр...
-12
aydinnur
2019-11-20 14:29:40
Mintip-menu-suybo,ырдын маанисин чыгара ырдаса...анда да жакпаса...билбейм..анда минтип сени суйбой коём))) Мага ушу менен учунчу ыры Мирбанын аткаруусунда жакты!!
0
Saliman
2019-11-20 16:49:30
Mintip-menu-suybo,жакпаса укпай кой
-1
aiba_00
2019-11-20 15:34:53
Молодец, комуз уйронгум келет да.
0
Makul
2019-11-20 16:32:20
Азамат!!! Кандай ыр болсо да көркүнө чыгарат Мирбек!!! Комуз менен аткарганын кечке уга бере тургандай болуптур. Үнүңө береке!!! Аман бол!!!
+4
nur72
2019-11-20 17:34:35
Сонун өтө сонун
+1
Muslim.azamatovich
2019-11-20 17:59:02
Керемет,,,Азаматсын,Мирбек!!!
+4
rysik79
2019-11-20 18:44:07
Соонун. Аудио мп3 форматы бергилечи.
+2
Jasi.jasi
2019-11-21 16:00:49
Эми окшоптур.Таза кыргызча ырдап ырдын коркун ачыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан