Ош шаарында отун аралап жаткан киши тайып жыгылып, бензопила денесин кесип, каза болду. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-ноябрь күнү саат 12:30 чамасында "Тез жардам" кызматынан Ош ШИИБине маалымат түшкөн. Анда 62 жаштагы киши отун аралап жатып кырсыктаганы айтылган. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук деп катталган.
Маркумду туугандары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.