Англиялык "Тоттенхэм" жаңы башкы машыктыруучу дайындады. Аргентиналык Маурисио Почеттинону кызматынан бошотуп, анын ордуна айтылуу Жозе Моуриньону дайындады. Бул тууралуу лондондук клубдун расмий сайты билдирет.
Португалиялык машыктыруучу 2023-жылга чейин келишимге кол койду. Анын айлыгы бир жылга 13 миллион еврону түзөт. Моуриньо буга чейин "Порту", "Челси", "Манчестер Юнайтед" жана "Реал" командаларын машыктырганы менен белгилүү.
Почеттино "Тоттенхэмди" өткөн сезондо Чемпиондор Лигасынын финалына чейин жеткирип, анда "Ливерпулга" утулуп калган. Учурда "Тоттенхэм" Англия Премьер-Лигасынын турнирдик жадыбалында 14-орунда гана келе жатат.