Экс-президент Алмазбек Атамбаевге жакындары менен жолугушууга уруксат бербей жатышат. Бул тууралуу мурунку президенттин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
"Мыйзамга ылайык, судьянын жазуу түрүндөгү уруксатынын негизинде шектүү туугандары менен ай сайын үч сааттан экиден жолугушууга уруксат берилиши керек. Бирок акыркы жолу Атамбаев жубайы жана баласы менен 17-октябрда жолуккан. 18-ноябрда Биринчи Май райондук соттун судьясы Эмилбек Каипов эч жүйөсүз эле Атамбаевдин үй-бүлөсү менен жолугушуусуна уруксат бербей койду. Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү менен жолугуусуна уруксат берүүдөн баш тартууга бир дагы негиз жок", - деп жазган Жоошев Фейсбук баракчасына.
Алмазбек Атамбаев 8-августта Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал коррупция, массалык баш аламандыкты уюштуруу, барымтага алуу, адам өлтүрүү жана башка оор кылмыштарга айыпталып жатат.