Бишкек шаарынын Ахунбаев - Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык болуп, кош бойлуу аял жабыркады. Бул тууралуу 15-августта Бишкек ШИИББи кабарлады. Кырсык 14-августта саат 17:00 чамасында болгон. Мерседес - БМВ автоунаалары кагылышып, унаалардын биринде төрөт үйүнө бара жаткан айым жаракат алды. Жабырлануучу №4-шаардык ооруканага жеткирилди. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.