Уэльс Евро-2020 чемпиондугунун финалдык баскычына чыкты. Бэйл баштаган команда 19-ноябрда тандап алуу оюндарынын алкагында өз үйүндө Венгрияны кабыл алган.
Оюн 2:0 эсебинде аяктап, "Ювентустун" футболчусу Аарон Рэмзи эки гол киргизе алган. Бул жеңиш менен упайлардын эсеби менен Уэльс Евро чемпиондугуна чыкты.
Учурда Еврого чыккан 24 команданын ичинен 20сы белгилүү болду.