Жумгалда 31 жаштагы жаран унаа уурдоого шектелип кармалды

Жумгалда унаа уурдоого шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Ал эми уурдалган унаанын алдыңкы тарабы урунган абалда табылганын райондук Ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан билдирди.

"19-ноябрда болжол менен саат 17:30 чамасында Жумгал РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылынын тургуну, азыркы убакта Жумгал районунун Чаек айылында убактылуу жашап жаткан 40 жаштагы Э. Ж. арыз менен кайрылган. Арыздануучу үйүнүн короосунда токтоп турган кара түстөгү Хонда Одиссей унаасын айдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты 206-берене (автотранспорт каражаттарын айдап качуу) менен Жумгал РИИБине катталган. Тергөө амалдарынын алкагында 19-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Чаек айылынын түштүк чыгыш тарабында жайгашкан огороду зым-тор менен тосулган үйдөн уурдалган автоунаа табылган. Унаанын алды бир нерсеге урунган абалда болгон. Унаа уурдоого шектүү делинген жаран Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 1988-жылы туулган Ш. Ч. аттуу тургуну болгон. Кармалган жарандын айдоочулук күбөлүгү болгон эмес жана мас абалында болгон", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан