Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Дүйшөнбек Зилалиевге карата кылмыш иши каралды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал "мыйзамсыз баюу" деген беренеси менен айыпталып жатат. Бүгүнкү соттук отурумда тизме боюнча 4 күбө суралды. Башка күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу соттук отурум 27-ноябрга саат 14:00гө жылдырылды.