Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы пансионаттардын биринде эс алып жүргөн аял 14-августта көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Учурда аталган министрликтин суучулдарды даярдоо борборунун куткаруучулары айымды издөөдө, азырынча дайынсыз. Чөккөн жарандын аты-жөнү да тактала элек.