Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-августта Казакстан, Түркия жана Азербайжандын президенти менен жолугушат

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-августта Азербайжандын Габала шаарында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушат. Жолугушуулар Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитинин алкагында болот. Саммитке Кыргызстандан катыша турган расмий делегациянын курамында президент Алмазбек Атамбаев, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков жана Кыргызстандын Азербайжандагы өкүлү Айжигит Буранов бар. Маалым болгондой, саммиттин урматына Габаладагы маданият борборунда чакан концерт тартууланат. Ал эми 16-августта саммит өтүп, бир катар документтерге кол коюулар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан