Баткен облусунда 20-ноябрь күнү саат 15:32де күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.
"Жер титирөө Кадамжай районунун Орозбеков, Сары-Талаа, Гайрат айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат маалыматта.