Баткенде шахта басып калган 3 адам табыла элек

Баткендин Самаркандек айылында көмүр шахтасы басып калган 3 адамды издөө улантылууда. ӨКМнын билдиришинче, 14-августта шахтага толгон 30 метрдей тереңдиктеги суу сордурулду. Ал жерде 3 насос иштеп жатат. Издөө иштерин 27 куткаруучу жана ондогон жергиликтүү жашоочу жүргүзүшүүдө. Эскерте кетсек, 13-августта Самаркандек айылына караштуу шахталардын бири жамгырдан кийинки селден улам көчүп түшүп, анда иштеген 5 адамдын үчөөсү сыртка чыга албай жер астында калган. Көмүр кенинин тереңдиги 70-80 метр болгон.  

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан