Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына 80 жыл толду

Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын 80 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, юбилейлик иш-чара 25-ноябрга белгиленген.

"Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы – 80 жылдык тарыхы бар алгачкы окуу жайлардын бири болуп эсептелет.

1939-жылдын 23-октябрында Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатынын токтому менен Фрунзе шаарында музыкалык-хореографиялык окуу жайы түзүлгөн. 1940-жылдын 1-сентябрынан тартып окуу жайы толук кандуу иштей баштап, алгачкы абитуриенттерди кабыл алган. 1990-жылы окуу жай имаратында залкар комузчу Мураталы Күрөңкеевдин музейи ачылган", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, окуу жайдан бир катар залкар таланттар чыккан. Алсак СССРдин эл артисти Калый Молдобасанов, Асанкан Жумакматов, Артык Мырзабаев, Чолпонбек Базарбаев, Самара Токтакунова, Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Насыр Давлесов, Эсенгул Жумабаев, Салима Бекмуратова, Сайра Чоткараева, Эрмек Мойдунов, Сардарбек Жумалиев, Каныкей Эралиева жана башкалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aia1219
2019-11-21 16:45:23
Куттуктайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан