Бишкекте 60 жаштагы жаранды аёосуз сабаганга шектелип жаткан Мирмухамбет Ишембеков мурда милиция кызматкери болуп иштеген. Маалыматты бүгүнкү жыйында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.
30-октябрда Бишкекте үйлөрдүн короосун кайтарган 60 жаштагы Каныбек Ботокановду белгисиз жарандар аёосуз сабаган видео тараган. Ленин РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен каттаган. Ботоканов Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып чыкты.
Ал эми Мирмухамбет Ишембековго издөө жарыяланган.