2022-жылкы Олимпиадага тандап алуу оюндарынын алкагындагы 2-раундунда Кыргыз курама командасынын атаандаштары белгилүү болду. Буга чейин кыргыз хоккейчилери тандап алуу оюндарынын 1-раундунда жеңишке жетишкен.
2-раунддук оюндар 13-15-декабрь күндөрү Румынияда өтөт. Кийинки баскычка өтүү үчүн 12 команда үч тайпада күч сынашат.
Кыргыз өлкөсү Румыния, Исландия жана Израиль менен беттешет. Тайпанын жеңүүчүсү кийинки баскычка чыгат.