Ош шаарында учурда “Ураган” аттуу рейд жүрүүдө. Иш-чаранын максаты - шаар аймагындагы оор кылмыштардын бетин ачуу, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн кармоо жана кылмыштардын алдын алуу болуп саналат. Ош ШИИБи кабарлагандай, укук коргоо кызматкерлери калк арасындагы ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандарды жоопко тартуу боюнча да иш жүргүзүүдө.