Дагы бир улуттук курама команданын футболчусу Муролим Ахмедов Бангладеш клубуна өттү. Ал кийинки сезондо "Саиф Спортинг" клубунда ойнойт.
Буга чейин Ахмедов "Алай" жана акыркы жылдары "Дордой" клубунда ойноп келген.
Буга чейин Эдгар Бернхардт дагы Бангладеш өлкөсүнүн клубуна өткөн.