22-ноябрда 23 жашка чейинки кыздар арасындагы Кыргыз улуттук курама командасы Борбор Азия чемпиондугунда алгачкы беттешин өткөрдү. Тажикстандын Гиссар шаарында кыргыз футболчулары Өзбекстан менен ойноду.
Беттеш жүрүшүндө 60-мүнөткө чейин эсеп ачылган жок. Бирок биринчи голдон кийин кыргыз футболчулары өздөрүн жоготуп коюшту. Жыйынтыгында 6:0 эсеби менен Өзбекстан жеңишке жетишти.
1-тур
Өзбекстан - Кыргыз өлкөсү - 6:0
Кыргыз футболчулары дагы 4 оюн өткөрөт.