Балбандар Айпери Медет кызы жана Нураида Анаркулова Орусиянын Ачык Кубогунда алтын медаль тагынышты

Орусиянын Чебоксары шаарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Орусиянын Ачык Кубогу жыйынтыкталды. Бул мелдеште эки кыргыз балбаны финалга чыккан.

57 килограмм салмакта бардык атаандаштарын жеңген Нураида Анаркулова жана 72 килограмм салмакта Айпери Медет кызы финалга чыга алышты. 23-ноябрда финалдык беттештер өттү.

Анда Нураида Анаркулова Анастасия Сидельникованы тушеге салып, таза жеңишке жетишсе, Айпери Медет кызы Дарья Шистерованы 12:1 эсебинде утуп алды. Жыйынтыгында эки кыргыз балбаны алтын медалга ээ болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Altyn10076
2019-11-24 12:08:50
Азамат алга Кыргызстан.
+1
sinej
2019-11-24 12:50:26
Азаматсынар кыздар. Ийгилик
0
elchi84
2019-11-24 13:26:29
Азаматсынар Кыздар!!!
0
Azkoni
2019-11-24 17:38:02
Анча мынча жигиттерден мыктысынар!
0
Aimani
2019-11-24 18:14:03
Азамат кыздар!!! Жарайсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан