Абдурахман Муртазалиев жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль жеңди

БАЭнин Абу-Даби шаарында жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Анда 85 килограмм салмакта Абдурахман Муртазалиев күмүш медаль жеңди.

Муртазалиев 85 килограмм салмакта күч сынашып, 1/16 финалдан баштаган. Ал катары менен 4 атаандашын жеңип, финалга аттанган. Алтын медаль үчүн беттеште орусиялык Абдулбари Гусейнге жеңилип, күмүш медалга татыды.

Кыргыз өлкөсүнөн катышкан Муртазали Муртазалиев, Урмат Полотбек уулу жана Төрөкан Багынбай уулу медалдарга илинишкен жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2019-11-24 15:24:59
Таластагы Кок бору боюнча жазгылачы Манас Ниязов жаракат алды дейт чынбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан