Ырчы Айдана Деканын таякеси Айбек Деркембаев узакка созулган оорудан улам каза болду. Маалыматты Айдананын жолдошу Аваз Акимов тастыктады.
"Айбек Москвага барып, химиялык терапия алып келген болчу. Учурда Бишкекте жашап жаткан. Бирок ичер суусу түгөнгөн экен, бүгүн, көз жумду", - деди.
Буга чейин Айбек Деркембаев рак оорусуна кабылганы жана жакындары дарылануусу үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук концертин уюштурганы тууралуу жазган элек. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.