Тажикстанда 23 жашка чейинки кыздар арасында 6 улуттук командалардын катышуусунда Борбор Азия чемпиондугу өтүп жатат. Анда Кыргыз курама командасы 2-турдук оюнда үй ээси Тажикстан менен беттешти.
Оюн жүрүшүндө эки команда тең чабуул жасап жатканы менен эсеп саны ачылган жок. Оюн 0:0 эсеби менен аяктады. Муну менен Кыргыз командасы мелдештеги алгачкы упайын алды.
Биринчи оюнда улуттук курама команда Өзбекстанга жеңилип калган.