Бекзат Пирматов режиссёрлук кылган "Аврора" тасмасы Индонезияда өткөн "XIV Жокья-НЕТПАК" Азия тасмаларынын эл аралык фестивалында байгеге ээ болду. Маалыматты Кыргыз кинематографисттер департаментинен билдирди.
"Аврора" тасмасы коомдогу курч маселелерди уникалдуу түрдө ачып бергендиги үчүн сыйлыкка татыган. "НЕТПАК" сыйлыгы адатта бир эле тасмага ыйгарылат. Бул ирет калыстар тобу "Аврора" тасмасына жана таиланддык режиссёр Пуангсой Аксорнсвангдын "Накорн-Саван" тасмасына сыйлык берүү чечимин кабыл алышкан.
Фестивалда Пол Агуста (Индонезия), Жон Торрес (Филиппин) жана Кыргыз өлкөсүнөн Гүлбара Төлөмүшева калыстык кылган.
"XIV Жокья-НЕТПАК" Азия тасмаларынын эл аралык фестивалы 19-ноябрдан 23-ноябрга чейин Ява аралындагы Жокьякарта шаарында өттү. Фестивалдын максаты - Азиядагы эң мыкты тасмаларды пропагандалоо, азиялыктардын бири-биринен үлгү алуусуна түрткү болуу.