Бүгүн, 15-августта саат 04:00 чамасында Бишкек шаарынын Бах-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык болуп, айдоочу көз жумду. Мицубиси унаасынын айдоочусу, Нарын облусунун 1977-жылы туулган тургуну Жапаров Койчубек рулду башкара албай калып, жол четиндеги даракты сүзгөн. Унаа даракты сүзгөндөн кийин анын мотору күйүп кеткенин ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.