Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жана Беларустун "Неман" клубунун жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов бүгүн, 25-ноябрда 19 жашка чыкты.
Футболчу 2000-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында төрөлгөн. Бишкектеги №42 орто мектепти аяктаган.
11 жашында "Дордой" футболдук клубуна барган Ага чейин самбо күрөшү менен профессионалдык деңгээлде машыгып, өспүрүмдөр арасында байгелүү орундарды багындарган.
2017-2018-жылдары Түркиянын "Антальяспор" клубунда ойногон. Кыргыз улуттук кураманын атынан 2019-жылдын 11-июнунда Кыргыз-Палестина беттешинде дебюттук оюнун өткөргөн. Азыркы учурда Беларустун "Неман" клубунда ойноп келет.
Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Моңголиянын, Мьянманын Кыргыз өлкөсү менен болгон беттештеринде бирден гол киргизген.
Месси менен бир командада ойногусу келген Гүлжигит Алыкулов белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун кенже уулу. Үй-бүлөдө 6 бир тууган.
25-ноябрга карата жылнаама.