Эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков 34 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышканыбызда Таласта экенин айтып, буларга токтолду.
"Үй-бүлөм менен туулуп-өскөн айылымда, атамдын жанындабыз. Туулган күндүк маанайым абдан жакшы. Эң биринчилерден болуп жубайым Бурул куттуктады. Андан кийин балдарым келип, кучактап куттукташты. Ошондон бери куттуктоолордун, каалоо-тилектердин аягы суюла элек. Мени куттуктаган ар бир инсанга терең ыраазычылык билдирип, мага эмнени кааласа, өздөрүнө дагы ошондой жакшылыктарды каалайм. Буюрса, кечинде досторум жана бир туугандарым куттуктап келишет. Мен үчүн балдарымдын белектери өзгөчө. Кызым менен уулум белек даярдап, кечке чейин көрсөтпөй, сюрприз кылышат. Баарыбыз чогулуп, дасторконго отургандан кийин беришет", - дейт ал.
Мирбек Иманбеков 1985-жылы 25-ноябрда Талас облусунун Кара-Буура районунун Чоң Кара-Буура айылында төрөлгөн. Айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунун хордук-дирижёрдук бөлүмүндө (ОХД) окуган.
Сахнага "Таластык кыз" ыры менен кадам таштап, тез убакыттын ичинде көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган. Ал "Сүйүүнүн керемети", "Секелегим", "Түн чүрөгү" сыяктуу ырлардын аткаруучусу.
Ырчы сүйүктүүсү Бурул айымга баш кошкондон 2 жарым жыл убакыт өткөндөн кийин, тагыраагы, 2010-жылы үлпөт той өткөргөн. Түгөйлөрдүн ортосунда Арууке аттуу кызы жана Чынтемир деген уулу бар.
25-ноябрга карата жылнаама.