Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча I Ачык Азия чемпиондугу өтөт. Иш-чара 27-28-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда орун аларын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдирди.
Азия чемпиондугуна 12 өлкөнүн спортчулары катышат. Анда 55, 60, 66, 74, 84, 96, 96 килограмм салмактагы категориялар боюнча 28 медаль ойнотулат.
Кыргыз күрөшү боюнча I Ачык Азия чемпиондугу Эл аралык кыргыз күрөш федерациясы тарабынан бекитилген эрежелер боюнча өтөт.
Чоңдор арасында кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиондугу Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу өтүп жатат. Мындай иш-чараны өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 2 миллион 225 миң сом каралган.