Футбол боюнча улуттук курамдын трансфердик баасы көтөрүлдү. Валерий Кичин 1 миллион 500 миң, Гүлжигит Алыкулов 200 миң евро

Transfermarkt.de. беделдүү немис басылмасы "Ак шумкарлардын" акыркы 3 беттештен кийинки трансфердик баасынын өскөнүн билдиришти.

Жакында "Ак шумкарлардын" 13 оюнчусунун трансфердик баасы басылманын сайтына жарыяланды. Анда улуттук курамдын учурдагы баасы 2 миллион 650 миң еврого бааланганы жазылган. Маалыматка ылайык, эң кымбат оюнчу команда капитаны Валерий Кичин (1 миллион 500 миң евро, баалардын баары евро менен көрсөтүлгөн), андан кийин быйыл гана улуттук курамда ойноп баштаган маркум Жаныбек Алыкуловдун уулу Гүлжигит Алыкулов (200 миң), Павел Матяш (150 миң), Азамат Байматов жана Ахлетдин Исраилов (125 миң), Виталий Люкс, Фархат Мусабеков (100 миң), Тамирлан Козубаев менен Миролимжон Ахмедов (75 миң), Эдгар Бернхардт, Алимардон Шүкүров, Акрам Умаров жана Бахтияр Дүйшөбеков (50 миң евро) болгон.
Эске салсак, 2019-жылдын башында Кыргыз курамабыз БАЭде өткөн Азия Кубогунда жарым чейрек финалга чейин чыккандан кийин футболчулардын трансфердик баасы тууралуу жазганбыз. Анда азыркыга салыштырмалуу бир аз айырмачылыктар болгон. Мисалы, Валерий Кичин жыл башында 1 миллион 200 миң евро, Азамат Байматов 150 миң еврого бааланса, Виталий Люкс менен Павел Матяштын баасы өзгөргөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bema_bema
2019-11-26 18:48:32
Молодец Гулжигит алга!
+7
assanov97
2019-11-26 19:39:04
Ушуларды сатсак кытайдын карызынан кутулуп калаткенбиз
-9
Beka19
2019-11-26 19:55:24
assanov97, Да...ёб боло бербечи көп,
Мээңди десе!!
+8
FC_CHELSEA
2019-11-26 20:05:36
Beka19, тууганыбыз башкача түшүнүп алган го ха ха ха)
-1
Beka19
2019-11-26 19:58:18
Кытайдан жалпы карызыбыз 1 миллиард 711,6 миллион доллар болуп атса каякта айтып тантырайт го многу assanov97
+3
Turdakun85
2019-11-27 08:47:03
Асанов мээңде мандем бар эмесиң го э
-1
Tolik777
2019-11-27 11:12:42
Матяш менен Байматовду бир сомго да албайт элем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан