14-августта Кыргызстанда 14 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 4, Нарын облусунда 1 жана Талас шаарында 1 өрт кырсыгы орун алды. Кырсыктын кесепетинен 1 адам көз жумган.