"Бавариянын" чабуулчусу Роберт Левандовски Чемпиондор Лигасынын тайпалык 5-турдук оюндарында жаңы рекорд койду.
Мюнхендик клуб конокто "Црвена Звезда" менен ойноп, анда Левандовски 14 мүнөт 31 секундада покер (бир оюнда төрт гол киргизүү) жаратты. Муну менен ал Чемпиондор Лигасындагы эң кыска убакытта 4 гол жараткан футболчу аталды.
Бул 31 жаштагы Польшанын чабуулчусу үчүн быйылкы Чемпиондор Лигасындагы 5 оюнда 10-голу. Ал бомбардирлер тизмесинин сап башында келе жатат.