Дайыр Исмадияров менен Гүлназ Чыныбек кызы “Алма сунсам колуңа” деген ырды дуэт аткарып чыккандан кийин көп жерге чогуу баргандарын көрүп калчубуз. Акыркы кезде социалдык тармактарда дос-тааныштары ырчыларды белгилеп, “бактылуу болгула” деп бата берүүгө өтүштү. Мындан улам бир ирет Дайыр “өзүмдүн чөйрөмдөн жүрөгүмдүн ээсин тапкам” деп тамашалай айтканы эске түштү. Демек, бекеринен айтылбаган сөз көрүнөт. Гүлназ менен мамилеси тууралуу ырчы SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
“Гүлназ менен дуэт аткарганыбызга байланыштуу тойлорго чогуу чакырып калышат. Ошондон улам элде кыз-жигит деген ой жаралган окшойт. Экөөбүз ага-карындаш катары мамилебиз жакшы”, - дейт Дайыр. Бул кезге чейин башка жылдыздар да мамилесин коомчулуктан жашырып, ага-карындаш катары жакшы сүйлөшөбүз деп көп айтышчу. Аягында ага-карындаштын мамилеси тойго жетчү эле. Дайыр менен Гүлназдын мамилеси кандай болот, байкай туралы.