Кыргыз жигити Чикагодо IT тармагындагы компанияны жетектейт

Баткендин 27 жаштагы кулуну Эсен Ниязов учурда АКШнын Чикаго шаарында IT тармагындагы компанияны жетектейт. Анын Бишкек шаарында дагы IT тармагында компаниясы бар. Балалыгы Баткенде өткөн Ниязов бир топ жылдан бери чет жакта жашап, өзү сүйгөн кесиби менен ишин улантууда. Заманбап билим жаатында көптү үмүттөндүргөн жаш адис Эсен Ниязов келечектеги максаттары, жетишкендиктери, бүгүнкү коомдо IT тармагынын актуалдуулугу тууралуу SUPER.KG порталына маек берди.

"Досторум, санаалаштарым менен биргеликте "Айылдан IT'ге" аталышындагы жаңы проект баштадык. Бул долбоор айыл жерлерине маалымат-байланыш тармактары боюнча презентациялар, кыргыз тилинде видеосабактарды өтүүгө шарт түзөт. Андагы окуучуларга бул тармакта шык берүүчү иш-аракеттер жүргүзүлөт. Долбоор 100 пайыз окуучулардын кызыкчылыгы жана эл, жер үчүн, келечек үчүн жана келерки муун үчүн ишке ашат", - дейт ал. Устат катары Эсен Ниязов жетишкендиктери менен өзүн көрсөтө алган адамдардан сабак алып, андан шыктанат.
"Мындан улам мен бир адамга басым коюп устат деп айта албайм, жакшы таасир калтырган адамдардын баары мен үчүн устат", - деди Ниязов.
Каарманым билген тилдери, аны үйрөнүүдөгү кыйынчылыктары жана Америкага баруунун жолдору тууралуу дагы кеп салды. Анын айтымында чет өлкөгө барып окуу үчүн тил билүү абдан маанилүү.
"Учурда өлкөбүздө тил үйрөнүү үчүн толук, жеткиликтүү шарттар түзүлгөн аны жаштар тек гана пайдаланышы керек", - дейт ал. Маек учурунда Эсен Ниязов IT тармагынын азыркы коомдогу актуалдуулугун айтып берди. Айтымында, бул тармакта терең билим алып, Кыргыз өлкөсүндө туруп эле ири суммадагы акча тапса болот. Ал IT тармагындагыдай маянаны эч ким таба албасын, ошондуктан жаштарды бул тармакка кызыгып, IT дүйнөсү үчүн терең билим алууга чакырат. Маекти толугу менен видеодон көрүңүз, окурман.
АКШда IT тармагында иштеген кыргыз жигити: "Көп акчаны өзүбүздүн өлкөдөн деле тапса болот"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан