Португалия жана "Атлетиконун" футболчусу Жоау Феликс 2019-жылдын эң мыкты жаш футболчусу аталып, "Golden boy" наамы ыйгарылды.
Феликс быйылкы жылы "Бенфикадан" испаниялык "Атлетикого" 126 миллион еврого өткөн. Азыркы учурда "Атлетико" үчүн 13 оюнда 3 гол киргизгенге жетишкен. Феликс талаада чабуулга ыктаган жарым коргоочу милдетин аркалайт.
2018-жылы аталган наамга голландиялык Маттейс де Лихт, 2017-жылы франциялык Киллиан Мбаппе татыган.