Бишкек шаарында тогуз коргоол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу болуп өттү. Тогуз коргоол боюнча чемпиондугу 18-24-ноябрь күндөрү стандарт, рапид жана блиц түрлөрү боюнча жеке эсепте жана стандарт түрүнөн жаат эсебинде өткөрүлгөн.
Чемпиондукка жалпы 141 спортчу катышты.
Эркектер арасында
Оюндун түрү - Стандарт
1-орун Анарбек Джамакеев Бишкек шаары;
Оюндун түрү - Рапид
1-орун Сазаев Кубан Бишкек шаары;
Оюндун түрү - Блиц
1-орун Белек Мамбеталиев Талас облусу ;
Кыз-келиндер арасында
Оюндун түрү - Стандарт
1-орун Гүлзат Эсеналиева Бишкек;
Оюндун түрү - Рапид
1-орун Гүлжамал Сарыкеева Бишкек шаары;
Оюндун түрү - Блиц
1-орун Алтынай Шамбетова Бишкек шаары.
Жалпы чемпиондуктун жыйынтыгында 4 спортчу 2020-жылы өтө турган Азия чемпиондугуна жолдомо утуп алышты: Кубан Сазаев, Белек Мамбеталиев, Айзада Бактыбекова жана Алтынай Шамбетова.