Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Казакстанга GFC турниринин лигасын көрүү үчүн келет. Бул тууралуу Казакстандын маалымат булактары жазышууда. Аталган турнир декабрь айынын аягында Алматы шаарында өтөт.
Нурмагомедов иш-чаранын атайын чакыртылган ардактуу коногу болот жана ал Казакстандын жергиликтүү журналисттерине маалымат берип, алардын суроолоруна жооп берет.
Буга чейин Хабиб Нурмагомедов Өзбекстандын Ташкент шаарында спорттук турнирдин ардактуу коногу болгон. Ал Өзбекстандын массалык маалымат каражаттарына маек берип, журналисттердин кызыктырган суроолоруна жооп берген.
Андан кийин массалык маалымат каражаттарына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров мушкерди сыйлаган.
Эске салсак мушкер 2018-жылы Кыргыз өлкөсүнө дагы келген.