Гүлзат Мамытбек мурдагы жолдошун сотко берди

Ырчы Гүлзат Мамытбек мурдагы жолдошун сотко берди. Буга ырчынын мурдагы жолдошу Талант Курманкуловдун кол көтөргөнү себеп болгонун айтат.

Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошу менен ажырашып жатканда, үйүнө барса киргизбей, ич жагына тепкен. Мындан улам ал Чүй облустук сотуна арыз менен кайрылган. Ырчынын айтымында, сот декабрь айында болот. Ошондой ал эле мурдагы жолдошу 2016-жылы "бейбаштык" беренеси менен соттолгонун кошумчалады.

Ушул жылдын февраль айында Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошу менен ажырашкан мезгилде балдары жана үйү жолдошунда калган. Ал балдарын жана үйүн өзүнө алуу максатында Сокулук райондук сотуна кайрылган. Бирок сот Талант Курманкуловдун пайдасына чечип берген.

Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек менен Талант Курманкуловдун ортосунда 3 бала бар. Учурда ырчылык менен да алектенип жүргөн Гүлзат Мамытбек америкалык режиссёр Хуан Буэндиага 2018-жылдын декабрь айында турмушка чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Altyn.bala
2019-11-28 18:04:50
кокуй кун болду го бул Мамытбек.Жон журуу деген жок экен да
+17
bond02
2019-11-28 18:05:13
Дагы башталдыбы, Хуаны эмне болду?
+22
Shabi
2019-11-28 18:56:52
bond02,Ал Хуаны буткон.эми Том Крузга тиет
+15
Nargizab
2019-11-29 15:13:04
0
katerina.li
2019-11-28 18:30:09
Неге дайыма хуанды кыпчып жаза бересинер?? Хуан куйругун туйуп качкан окшойт. Чынында,мен тушунбойм,бул айымдын уйундогу ызы чуусу кимге керек??
+19
AiperiO
2019-11-28 18:46:38
Ушунусу отту... Акча керек болгон маалда или озун корсотуш учун чыга береби же...куйосун Балдарды карап жатабы, Хуанга кетсин. Чонойгондо талашпай
+9
Wibee
2019-11-28 19:03:01
Ырчы менен саясатчылар тойгозду
+12
Nuri1988Elim2010
2019-11-28 22:13:00
Ушунусу өттү да, жолдошунун үй-бүлөсү жакшы,ата-энеси айылда үлгүлүү адамдар,балдары ошондой үй-бүлөдө чоңойсо мыкты адамдар болот деп ойлойм. Хуанга эле кет эми
+7
Saiit
2019-11-28 23:45:06
Шайтаны куч капыр айал!!! Тобо кылдым мындай айалдын турун бизден аруу кылсын Оомин!!
+2
Dembele84
2019-11-29 11:49:01
Бул корунушто Хуан Гулзаттын даамын татып,давно эле кидала кылып кеткен болуш керек.Айла калбай Оштон жок же Чуйдон жок болуп эски нерсени ырбатып бир нерсе ондурууго аракет кылып жатат.Болбосо ичке тепкен куну сотко бериш керек болчу,
+4
taalay25
2019-11-29 13:25:43
Жон койчу айланайын! Ажыраштынбы аралашба, кыйнаба, кыпчылба! Озун барып провоцирует этбей
+3
Makedonia
2019-11-29 14:59:26
Карьера жасайм, кыйратам деп, жапжаш балдарынды таштап кеткен озунсун. Эми же кыйратып карьеран жок же уй-булоодон жок калганда келип куйоонду сотко бердинби.
+1
shahlet
2019-11-30 09:19:23
саясатчылар менен жарышып туратта Гулзатай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан