Жалал-Абад. Шаардагы аскерге чакырыла турган жигиттердин саны такталууда
Жалал-Абад шаардык аскер комиссариатынын башчысы Таалайбек Атабеков учурда аскердик кызмат өтөөгө бара турган шаардагы бойго жеткен жигиттердин саны такталып жатканын айтты. Аскердик кызматка чакырылууга мезгили келген жигиттердин кайда экенин, окуп же иштей турганын тийиштүү орган тактап жатыптыр. "Сентябрь айында бойго жеткен жигиттердин ден соолугун медициналык текшерүү башталат. Ага чейин алардын даректерин тактап, окуу жайга тапшыргандары болсо, аныктамаларын алып жатабыз",- дейт Атабеков.