Кыргыз өлкөсүндө жана бир катар мамлекеттерде Инстаграм, Фейсбук тиркемелеринин иши үзгүлтүккө учурады

Популярдуу Инстаграм жана Фейсбук тармактары бир катар өлкөдө иштебей, колдонуучулардын нааразычылыгын жаратты. "Downdetector" сайтынын маалыматына ылайык, аталган тиркемелер бирде иштеп, бирде иштебей жатканы айтылган.

Буга чейин Орусиядагы колдонуучулар Фейсбуктагы баракчасына кире албай жатышканын айтышкан. Мындай көрүнүш Кыргыз өлкөсүндө да орун алды. Бирок Фейсбук эмес, Инстаграм түйүнүнө кирүү мүмкүн болбой жатканы байкалды. АКШ, Улуу Британия, Нидерланды, Сингапур, Япония жана башка өлкөлөрдөгү Инстаграм колдонуучулары баракчаларына кире албай жатканын айтышкан.

Нааразы болгондордун көбү кабарлар лентасынын жаңыланбай жатканын, айрымдары аккаунтка кирүү мүмкүн болбой жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Absamat-90
2019-11-29 09:07:07
Айрым активист болумуштар атайын блоктоп жатат деген ою туура эмес жерден чыкты, көрсө баарында эле ошондой болгон экен.
+1
Dalil
2019-11-29 09:21:41
Өллө катастрофа болгон турбайбы.
+3
bond02
2019-11-29 12:04:18
Агентке киргиле, бир жакшына иштеп жатат.
0
murat17
2019-11-29 16:25:13
инстаргамм фейсбукту жана башка бузуку сайттарга тыюу салып койсо деле ыраазымын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан