Хоккей боюнча Кыргыз өлкөсүнүн курамы белгилүү болду. Аталган команда 2022-жылкы Олимпиаданын тандап алуу оюндарына катышат.
Оюндар 13-15-декабрь аралыгында Румынияда өтөт. Кыргыз курама командасы Румыния, Исландия жана Израиль командалары менен беттешет.
Кыргыз командасынын курамы:
Дарбазачылар: Кадыр Алымбеков («Кыргыз-Темиржолу); Александр Петров («Дордой»);
Коргоочулар: Эрназар Исаматов, Артём Горобец, Александр Титов, Максим Егоров, Кузьма Терентьев, Эрсултан Мирбеков, Владимир Тонких (баары «Дордой»); Адис Качкынбаев (КТЖ); Артур Аяпов («Алма-Ата»);
Чабуулчулар: Олег Колодий, Уран Турсунбеков, Владимир Ничипуренко, Жанболот Тагаев, Михаил Чувалов, Владимир Носов (баары «Дордой»); Антон Кудашов (КТЖ); Ажымухамед Улугбек уулу («Арстан»); Андрей Тришкин («Алма-Ата»);
Башкы машыктыруучу — Павел Сазонов